Президент

Президент Садыр Жапаров «Кыргызиндустрия» ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-майда, «Бишкек машина куруучу заводу» (БМЗ) Ачык акционердик коомуна жана «Бишкек штамптоочу заводу» (БШЗ) мамлекеттик ишканасына барып, ошондой эле «Кыргызиндустрия» ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчысы заводдордун өндүрүш аймактарын, токтоп турган цехтерди жана ишканалардын объектилерин көрүп чыкты. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек […]Читать далее

Коом

Тоңдо жаңы мектептин курулушу башталды

Тоң районунун Жер-Үй айылындагы А.Көлбаев атындагы 150 орундуу мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынып, курулушу башталды. Саамалыкка Тоң районунун жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектептин жамааты жана айыл тургундары катышты. Аталган билим берүү мекемесинин имараты 1980-жылдары ашар жолу менен курулган. Азыркы учурда эскилиги жеткен мектепте 153 окуучу билим алууда. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык […]Читать далее

Коом

Анкарадан Бишкекке жаңы авиакаттам ачуу пландалууда

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК туркиялык AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте 2023-жылдын 3-июнунан тарта Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча жаны каттам ачууну максат кылууда. Түркиянын борборуна аба каттамдары жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күн сайын аткарыла баштайт. AnadoluJet лоукостери Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы.Читать далее

Укук тартиби

“Кадастр” бүтүмдөрдү мыйзамсыз каттап, мамлекетке 142 млн. зыян алып келген

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен 1,524 га жер участогу көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн, “А” ЖЧКга курулган турак үйдүн 10%ын Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүп берүү шартында акысыз пайдаланууга берилгендиги аныкталган. Бирок, “А” ЖЧКсы “Э” жана “Р” курулуш компаниялары, ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын […]Читать далее

Экономика

Быйылкы жылдын биринчи кварталында “Кумтөр” кенинде 2 504 кг алтын

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – КГК) 2023-жылдын биринчи чейрегиндеги ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул туралуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнун басма сөз кызматы маалымдады. Бул убакыт аралыгында «Кумтөр» кенинде 80 511 унция же 2 504 кг алтын өндүрүлгөн. 2023-жылдын биринчи чейрегинде Кайра каралган инвестициялык макулдашуунун (КИМ) алкагындагы Кыргыз Республикасынын бюджетине которулган салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: “Батуми” кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы

КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.Ташиевдин тапшырмасына ылайык, “Батуми” кафесинин бузулуп, демонтаждалышынын мыйзамдуулугу жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө “Батуми” кафесинин негиздөөчүсү тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталды, алар тиешелүү ижара келишими жок айланасындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды негизсиз пайдаланышкан. Ошондой эле бул […]Читать далее

Коом

Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын терапия, сезимтал оорулар жана жасалма

Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын терапия, сезимтал оорулар жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнө жаңы имарат курулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору маалымдады. Курулушка 300 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Облустук оорукананын жаңы корпусу 90 орунга ылайыкташып, ушул жылдын ноябрь айында курулуш иштери бүткөрүлөт. Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын терапия, сезимтал оорулар жана […]Читать далее

Экономика

Былтыр Литва менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 372 млн еврого

Кыргызстанга Литвадан бизнесмендердин делегациясы келди. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын бама сөз бөлүмү маалымдады. Бишкекте КРнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган Кыргыз-Литва бизнес форуму болуп өттү. Кыргыз жана литвалык ишкерлер өз компанияларынын бет ачарын өткөрүштү. Литвалык бизнес Кыргызстандан болот продукциясын, мунай продуктыларын, жер семирткичтерди, дан өсүмдүктөрүн, пахтаны, тоют кошумчаларын, жеңил жана башка өнөр жай […]Читать далее

Коом

Эпкинден Башкуугандыга чейин 21 чакырым асфальт төшөлдү

Бүгүнкү күндө Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Эпкин айылынан Башкууганды айылына чейинки участкасынын 21 чакырымына асфальт-бетон төшөө иштери аяктады. Анын 16 чакырымы 2022-жылы асфальтталса, 5 чакырымына быйыл май айында асфальт төшөлдү. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы маалымдады. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу Кыргыз Республикасынын бүткүл тарыхындагы эң масштабдуу долбоорлордун бири болуп саналат. Тоо кыркалары аркылуу өткөн автожол […]Читать далее

Коом

«Акыркы коңгуроо» салтанатту иш-чарасы республика аймагында эч кандай өзгөчө кырдаалсыз,

Кечээ, 25-майда республикада «Акыркы коңгуроого» арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызматын улантууда. Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо максатында республиканын ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы кызматтын күчөтүлгөн режимине өткөрүлгөн. Борбор калаадагы бардык мектептерде балдар иштери боюнча инспекторлор, милициянын участкалык […]Читать далее