Айсулуу Тыныбекова UWW версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

 Айсулуу Тыныбекова UWW версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) чечими менен 2023-жылдын мыкты балбаны аталды.

Айсулуу Тыныбекова быйыл 22-сентябрда Белградда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо уткан.

Апрель айында Астанада болгон Азия чемпионатында да алтын алып, кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды. Венгрияда, Египетте өткөн эл аралык рейтингдик мелдештерде да алтын медал тагынды. Октябрь айында XIX Азия оюндарында коло медал утту.

Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси, ошондой эле Дүйнөнүн 3 жолку, Азиянын 5 жолку чемпиону.

Сентябрда ал Күрөш дүйнөсү уюмунун рейтингинде өзүнүн салмагында дүйнөдө биринчи орунга чыккан.

Связанный пост