Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 34 субъектке 4,06 млн сом берилди

 Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 34 субъектке 4,06 млн сом берилди

Быйыл 2023-жылы “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо” долбоору боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрында чыккан №643-т тескемесине ылайык аталган долбоор бекитилген.

Долбоордун максаты жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттары аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана материалдарды сатып алуу жолу менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин жогорулатууга мамлекетик колдоо көрсөтүү.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 1млрд сомду түзөт.

2023-жылдын 14-декабрына карата Долбоордун алкагында республиканын 34 каржылоо субъекттерине 4,06 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.

Связанный пост