“Туулгандыгы жана өлүмү тууралуу санарип медициналык күбөлүк”: 238 миңден ашуун күбөлүк түзүлдү

 “Туулгандыгы жана өлүмү тууралуу санарип медициналык күбөлүк”: 238 миңден ашуун күбөлүк түзүлдү

Маалыматтык система бардык төрөлүү жана өлүм боюнча маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого багытталган. Маалыматтык системаларды ишке киргизүү туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, ошондой эле мамлекет тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү алууну жөнөкөйлөштүрдү, анткени онлайн маалыматтар Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаментине жөнөтүлөт.

 

Система бардык 74 мамлекеттик төрөт үйлөрүндө ийгиликтүү колдонулууда, маалыматтык системаны 6 жеке менчик төрөт үйү да ийгиликтүү колдонууда. Бул туулгандыгын электрондук каттоонун толук камтылышын камсыз кылат.

 

Маалыматтык тутумдун иштеши «Тундук» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу «Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу» кызматын пилоттук режимде республика боюнча ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди.

 

Ишке киргизилгенден бери төмөндөгүлөр түзүлдү:

 

200 миңден ашык медициналык туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

 

38 миңден ашык медициналык өлүм жөнүндө күбөлүк.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Социалдык фонддун маалыматтык системалары менен интеграция ишке ашырылды, бул төрөлүү жана өлүм менен байланышкан финансылык ресурстарды натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берет.

Связанный пост