2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 159 суроо-талап жиберилген, 154 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди.Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 19-июнунда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Екатеринбург-Ысык-Көл-Екатеринбург багыты боюнча биринчи каттамды суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алынды. Орусиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы бул каттам боюнча жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү үзгүлтүксүз каттам аткарууну максат кылууда. Биринчи каттам менен Екатеринбургдан 82 жүргүнчү учуп келип, Ысык-Көлдөн 62 жүргүнчү учуп кетти.Читать далее
Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө жарлыктын негизинде Чолпон-Ата шаарындагы пляждардагы тосмолор алынууда. Эскерте кетсек Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койгон. Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жолду реконструкциялоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жаткан Алай көчөсүнө барды. Жумуш алкагында аталган көчөдө таштандыларды ылгоочу контейнерлерди орнотуу жана аянтчасын куруу тапшырмасын берди. Бул жер шаардагы таштандыларды ылгоолочу үчүнчү аянтча болот.Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө буйругу чыкты. Буйрукка ылайык, жалпы жана орто билим берүү жөнүндөгү төмөнкү мөөнөттөрдө тапшырылат: 21-июнда саат 9:00дө – 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүктөр; 23-июнда саат 9:00дө – 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим берүү […]Читать далее
Министрлер Кабинетинде борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу маселелери талкууланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров алдыдагы жылытуу мезгилинде экологиялык абалды жакшыртуу жана борбор калаада түтүндү болтурбоонун алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев республиканын ири шаарларында экологияны жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, ошондой […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шарифке көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “14-июнда Жер Ортолук деңизинде пакистандык жарандарды алып бара жаткан кеменин кырсыкка учурашынын кесепетинен болгон адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Пакистан элине, ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл […]Читать далее
«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасында ЕАЭБ аймагына кирген товарларга бажы контролун жүргүзүүнүн алкагында А.Т.Т.” ЖЧКсы тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуунун белгилери аныкталган. Армения Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына Түркия Республикасы аркылуу транзиттик жол менен […]Читать далее
Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Мамлекет башчылары кыргыз-герман эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат, ошондой эле достук […]Читать далее
Октябрь районунан катуу таштандыларды чыгарууга жумушчу күчү жетишсиз болгондугуна байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы 10 күндүн ичинде таштандыларды тазалап, бардык таштандыларды алып чыгууга милдеттендирилет. Ошондой эле “БишкекВторРесурс” компаниясынын иштеп жаткан учурундагы топтолгон бардык таштандыларды бир күндө алып чыгуу мүмкүн эмес. Эске салсак, жыл башынан бери Октябрь районун катуу таштандыларды чыгарууну «БишкекВторРесурс» ишканасы тейлеп келген. Бирок шаардын […]Читать далее