Кытайлык Junxin Environment Protection компаниясы Бишкекке таштандыларды өрттөөчү ири завод курат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жетектеген делегациясы мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Кытайдын Чанша шаарында курулган экологиялык жактан таза, таштандыларды өрттөөчү Junxin Environment Protection ири заводунун иши менен таанышты. […]Читать далее
Бүгүн, 10-январда тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов менен Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, тараптар эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жолушууда укуктук базаны өнүктүрүү […]Читать далее
Кыргыз басмаканалары Москвада өткөн “Китеп искусствосу” эл аралык сынагында жеңүүчү болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жеңүүчүлөр менен жолугуп, эл аралык сынакта алган сыйлыктарын тапшырып, жеңүүчүлөрдүн ишине ийгилик каалады. Белгилесек, 2023-жылдын аягында Россиянын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлиги ХХ Эл […]Читать далее
Талас облусунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу эсепке алынбаган жүктү Кыргызстандын аймагына алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. VOLVO маркасындагы жүк ташуучу унаанын айдоочусу “Чоң-Капка-автожол” көзөмөл өткөрүү жайына келип, чек арачыларга 500 даана эсебиндеги бош газ баллонго жол баракчасын көрсөткөн. Бирок документте көрсөтүлгөн маалыматтын айкын экендиги чек ара […]Читать далее
Бишкекте милиция кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Б.М. аттуу жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал Россияда оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Кылмышкер адамды жүзүнөн тааныган сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалды. “Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал оор кылмышка шектүү болуп, бирок качып кетип […]Читать далее
Бийликти күч менен басып алууну жүзөгө ашыруу фактысы боюнча “KG Групп” курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго издөө жарыяланды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. Атайын кызмат Имамидин Ташовду аны атайын кызматтын кызматкерлери уурдап кетти делип, 100 млн сом төлөөгө аргасыз болду деген билдирүүсүн четке какты. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, И.Ташов СИЗОдо отурганда уюлдук […]Читать далее
Акыркы убакта президент Садыр Жапаровдун атын жамынып, социалдык тармакта ар кыл көз боёмочулук аракеттерге баргандар чыгууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымына караганда, алар аз каражат салып кыска убакытта көп акча табуу убадаларын берип, буга мамлекет башчысы өзү кепилдик бергендей түр көрсөтүүдө. “Президент Садыр Жапаров соцтармак аркылуу эч […]Читать далее
Акылбек Жапаров мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү. Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, облустардагы ЖОЖдор өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү планын иштеп чыгууда жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иштешүүсү зарыл. “Ар бир аймактык университет өзүнүн профессордук-окутуучулар курамын пайдаланып, өлкөнүн райондорун өнүктүрүү планын, ал гана эмес […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин фактылары аныкталды. Келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында козголгон кылмыш ишинин алкагында, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Өндүрүштүк-инновациялык борбордун адистерин тартуу менен аудит белгиленген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Кыргызавтожол» мамлекеттик […]Читать далее
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети иштей баштады. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов белгилегендей, монополияга каршы комитет бекиткен прейскурант боюнча изилдөөнүн баасы изилдөөнүн түрүнө жараша 2200 сомдон ашпайт. «МРТ аппаратынын иштөөсү кыйла кымбат экенин эске алсак, текшерүүдөн толугу менен бекер […]Читать далее