«Тазалык» муниципалдык ишканасы 10 күндүн ичинде таштандыларды алып чыгууга сөз берди

 «Тазалык» муниципалдык ишканасы 10 күндүн ичинде таштандыларды алып чыгууга сөз берди

Октябрь районунан катуу таштандыларды чыгарууга жумушчу күчү жетишсиз болгондугуна байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы 10 күндүн ичинде таштандыларды тазалап, бардык таштандыларды алып чыгууга милдеттендирилет.

Ошондой эле “БишкекВторРесурс” компаниясынын иштеп жаткан  учурундагы топтолгон бардык таштандыларды бир күндө алып чыгуу мүмкүн эмес.

Эске салсак, жыл башынан бери Октябрь районун катуу таштандыларды чыгарууну «БишкекВторРесурс» ишканасы тейлеп келген.

Бирок шаардын түштүк аймагынын жашоочулары тарабынан көптөгөн арыздар түшүп, компаниянын ишине нааразычылыктар социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында байма-бай чыккан. Шаардыктар  таштандылардын үйүлүп турганын,  сынган контейнерлерди жана антисанитардык абалды чагылдырган фото жана видеотасмаларды тартып жөнөтүшкөн.

Связанный пост