Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы кызматташтык талкууланды

 Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы кызматташтык талкууланды

Бүгүн, 10-январда тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов менен Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту.

 

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, тараптар эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашты.

 

Ошондой эле жолушууда укуктук базаны өнүктүрүү максатында эки тараптуу документтердин долбоорлорун жактыруу жана кол коюу процессин тездетүү макулдашылды.

 

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөө жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү үчүн зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоого даярдыктарын ырасташты.

Связанный пост