Билим

Кытайдын жогорку окуу жайларына 10 кыргызстандык кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын 10 жараны 2023-2024-окуу жылына карата ШКУнун Стипендия программасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Жогорку окуу жайларына кабыл алынган. Кыргыз стипендиаттарынын тизмеси: Шанхай эл аралык изилдөөлөр университети – Елизавета Енова, Шанхай эл аралык изилдөөлөр университети – Нуркыз Кенжетаева, Тяньцзинь университети – Ренат Касымакунов, Пекин тил жана маданият университети – Бегимай Садиева, Фудань университети — Сажида […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери Свердлов акимчилигине 996 кайрылуу түштү

Алты айдын ичинде Свердлов районунун администрациясына жазуу жүзүндө 996 арыз  келип түштү. Жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизги тематикалары  турак жай-коммуналдык чарба жаатына тиешелүү болгон. Көрсөтүлгөн  убакыт ичинде түшкөн  306 арыз жашоочуларды кызыктырган көрктөндүрүү, жер тилкелери, санитардык тазалоо, жолдорду жана тротуарларды оңдоо, контейнердик аянтчаларды тейлөө, ошондой эле транспорт маселелери түзгөн. Материалдык жардам сурап 263 жаран кайрылган, […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев «Япония-Кыргызстан» достук лигасынын жетекчисинин орун басары Тосиаки

Бүгүн, 6-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Япония парламентиндеги «Япония-Кыргызстан» достук лигасынын жетекчисинин орун басары Тосиаки Эндо баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселеси талкууланып, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев өткөн жылы Япония менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгонун эске салып: “Бул […]Читать далее

Коом

Орозбек Шарабидин уулу “ЭлТР” МТРКнын башкы директорунун орун басары болуп

Орозбек Шарабидин уулу Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. Дайындоо КРнын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 22-пунктуна ылайык жүргүзүлдү. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Шарабидин уулу Орозбек Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде билим алган. Буга чейин Кыргыз Улуттук “Кабар” маалыматтык агенттигинде, “ЭлТР” МТРКсында эмгектенген.Читать далее

Коом

Өлкө аймагында жыл башынан тарта 6-июлга чейин 52 адам сууга

Акыркы маалыматтарга таянсак, быйыл суу кырсыгынан 52 адам каза болду. Сууга чөккөндөрдүн катарында эркек, аял, өспүрүмдөр ал тургай, наристелер да бар. Өткөн жылга салыштырмалуу бул сан 25%га өскөн. Тактап айтканда, 2022-жылдын 6-июлуна чейин көлгө, дарыяларга, кичи көлмөлөргө, агын сууларга чөгүп каза болгондордун саны – 39ду түзгөн. Ал эми быйылкы жылдын 27-июнунан 3-июлуна чейинки сандарга көз […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Япониянын Либералдык-демократиялык партиясынын Башкы кеңешинин төрагасы  Тосиаки

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда, Япониянын Либералдык-демократиялык партиясынын Башкы кеңешинин төрагасы, Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндону каблы алды. Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду. Садыр Жапаров, учурдан пайдаланып, Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен акыркы жолу 2021-жылы Глазгодо жолукканын белгилеп, ага саламын […]Читать далее

Билим

Мугалимдер “жашыл” жана санариптик көндүмдөрдү үйрөнөт

23-июнда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында Европа биримдигинин билим берүү тармагын бюджеттик колдоо программасы боюнча II транштын индикаторлорунун аткарылышы каралды. Жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, министрликтин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра […]Читать далее

Коом

“Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык

2023-жылы “Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө 10,8 млрд сом каралган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекеттик стратегиялык энергетика ишканаларынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылы “Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө 10,8 млрд сом каралган. Ошондой эле 2024-жылга 55,8 […]Читать далее

Коом

“Кыргызавтожол” МИге 2026 жылга чейин 4,8 млрд сом бөлүү каралган

2022-жылы жол инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 20 миң тонна битум жана 32 жол куруу техникасы алынган. «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын жол-курулуш техникасынын паркын жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылга чейин жалпы суммасы 4,8 млрд сомго жол куруу техникасын жана жабдууларын сатып алуу чечимин кабыл алган. Ал эми 2023 жылга Жол фондунун эсебинен жол […]Читать далее

Укук тартиби

Ок атуучу куралдарды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору

КР УКМК тарабынан КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте 2023-жылдын 5-июлунда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору М.Р.Н. кармалган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (“Куралды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда., кармалган кызматкер […]Читать далее