Бүгүн, 5-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине барды. Алгач Төрага окуу жайдагы түзүлгөн шарт-жагдай менен таанышып, кеңири маалымат алды. Талаптагыдай билим берүү үчүн каралган лаборатория, китепкана өңдүү мүмкүнчүлүктөрдү көрүп чыгып, студенттердин өз алдынча өнүүгүсү жана бош убактыларын майнаптуу өткөрүүсү үчүн заманбап инфраструктуралык шарттарды түзүүгө чакырды. Андан соң профессордук-окутуучулар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграциясы жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 24-майында кабыл алынган. Мыйзам миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, ошондой […]Читать далее
Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Кыргыз-Кытай инвестициялык бирикмелер палатасынын башкы катчысы Чжао Сюуцзюнь мырза баштаган жумушчу топ менен жолугушту. М.Исаев Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп, достук мамилелер бекемделип жатканын белгиледи. Жолугушууда тараптар шаардын жол инфраструктурасын жана заманбап жол куруу техникасын жакшыртуу үчүн асфальт-бетон заводун сатып алуу […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Манас айылы көчөсүндөгү мыйзамсыз орнотулган тосмолорду алуу иштерин жүргүзүүдө. Башкармалыктын кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» МИнин, Ленин районунун акимчилигинин жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда. Буга чейин шаардык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн комиссиялык иликтөө учурунда, жер тилкеси муниципалдык аймактын эсебинен 375 чарчы метрге кеңейтилгени аныкталган. Кеңейтилген […]Читать далее
Түркиянын Стамбул шаарында жоголуп кеткен Жазгүл Шамуратова табылды. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Туркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташтын жана Түркия ИИМдин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү менен биргеликтеги аракеттеринин жыйынтыгында 2023-жылдын 5-июлунда Стамбул шаарында 20 жаштагы Жазгүл Шамуратова табылды. Азыркы учурда, Стамбул шаарынын Кадыкөй […]Читать далее
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюуга багытталган бажы көзөмөлүнүн алкагында 2021-жылдын апрель айында Бишкек шаардык «К» медициналык клиникасына түркиялык «PCR LTD» (баштапкы тамгалар өзгөртүлгөн) фирмасынан «убактылуу ташып келүү» бажы жол-жобосу менен «Philips Brilliance» маркасындагы компьютердик томография товарлары алынып келинген. «Компьютердик томограф» […]Читать далее
“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинде коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Токмок-Чүй филиалынын айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Алар Жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) бирине таандык болгон 1330 м2 турак жай эмес мүлктү жана 0,75 га […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз
Бүгүн, 5-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди кабыл алды. Жолугушууда Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын алкагында аткарылып жаткан иштер талкууланып, мерчемделген долбоорлор тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандын туруктуу өнөктөшү экенин белгилеп: “Эгемендүүлүк алган жылдардан бери жигердүү кызматташып келебиз. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематогроф Болотбек Шамшиев үчүн эстеликтин ачылышына катышты. “Болот Шамшиев “Кыргыз кереметинин” режиссёрлорунун бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан. Анын эмгектери СССРде гана эмес, чет […]Читать далее
Жайкы эс алуулардын башталышы менен балдардын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө актуалдуу маселелердин бири. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча негизги тапшырма Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына берилген. Жай мезгилинде коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдары тарабынан көлмөлөрдө, адамдар көп жүргөн жерлерде патрулдук иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, статистика көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылдын 6 айында эле 60тан ашуун […]Читать далее