Коом

Ошто бир катар сулуулук салондор текшерилди

Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери биргеликте шаар тургундарынын арасында кан аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу максатында жеке менчик косметология, сулуулук салондор, ийне саюучу, хижама бөлмөлөрүндө АИВ/СПИДге, гепатитке каршы санитардык – гигиеналык эрежелердин, эпидемиологиялык ченемдердин аткарылышы боюнча рейд жүргүзүштү. Текшерүү учурунда 8 косметологиялык салон залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы аныкталып, […]Читать далее

Коом

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Астана шаарынын акими Женис Касымбек

“Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин форумунун алкагында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Астана шаарынын мэри Женис Касымбек менен жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев да катышты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар шаарлар ортосундагы алаканы чыңдоо, Бишкек шаарынын мэриясы менен Астана акимчилигинин ишмердүүлүк чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. […]Читать далее

Коом Укук тартиби

Рейд учурунда мыйзамсыз күйүүчү май саткан 6 жаранга айып пул

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Салык кызматы, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жол жээгинде мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды орноткон жана башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата жол жээктерин иретке келтирүү максатында рейддик иш-чара жүргүзүштү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Рейд, Чүй облусунун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 232-чакырымынан тартып, 244-чакырымына чейинки […]Читать далее

Президент

Президент: Азыркы жаштар мобилдүүлүгү жана жигердүүлүгү менен тез өзгөрүлүп жаткан

“Азыркы жаштар мобилдүүлүгү жана жигердүүлүгү менен тез өзгөрүлүп жаткан коомго оңой адаптация болушу зарыл”, –  деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча “Алтын сертификаттардын” ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо салтанатында белгиледи. Мамлекет башчысы билим уясынан ийгиликтүү учуп чыгып, турмуш жолуна аттанган бүтүрүүчүлөрдү Жусуп Баласагындын саптарын келтирип, куттуктады. “Улуу ойчул бабабыздын […]Читать далее

Укук тартиби

Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча предметтик-методикалык комиссиясынын окутуучусу тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча ПМКсынын улук окутуучусу А.Ш.Д. окуудан чыгарам деп коркутуп, […]Читать далее

Коом

Салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 25 тонна күйүүчү майды тартып алды

Мамлекеттик салык кызматы бир катар облустарда мунайзаттарды мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактыларын аныктады. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 25 миң 543 литр күйүүчү май тартып алынды. Алсак, Ош облусунда май куюучу жайдын аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталган. Ошондой эле, продукцияга коштомо документтердин жана контролдук пломбалар жок болгон. 15 миң 400 литр күйүүчү май тартып алынды. Чүй облусунда Казакстан Республикасынан продукция ташыган транспорт каражаттардан түздөн-түз куюп […]Читать далее

Коом

Бишкектин «Арча-Бешик» конушунда суу боюнча абал турукташууда

№79 мектепте борбор калаанын мэринин орун басары  Жыргалбек Шамыралиев менен Арча-Бешик конушунун калкынын жолугушуусу  өттү. Жыйынга ошондой эле «Бишкексууканал» ӨЭБнын, «Тазалык» МИнын, ЖКнын «Бишкексуучарба» МИнин, Көрктөндүрүүнү контролдоо  боюнча муниципалдык инспекциясынын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар суу көйгөйүн биротоло чечүү үчүн жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу, тургундардын өздөрү тарабынан баш аламан тартылган түтүктөрдү иретке келтирүү маселелерин талкуулашты. […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: Бийликти күч менен басып алууга даярданган А.Мадумаровдун тарапташтары кармалды

КР УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлду. КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) негизинде козголгон […]Читать далее

Билим

ЖОЖдорго тапшыруу үчүн босого упай жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-2024-окуу жылында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйругу бекиди. Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды. Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра […]Читать далее

Коом

Президенттин басма сөз катчысы коррупцияга шектелип кармалган Улан Жапаров Садыр

“Кармалган Улан Жапаров боюнча, ал чындап эле Мамлекет башчысынын тууганы экенин билдиребиз”, – деп соцтармактагы баракчасына Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө. “Муну билген соң Президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок […]Читать далее