Кыргыз Республикасынын Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Көк-Жар үрөнчүлүк чарбасынын ишмердүүлүгү жана техникалык базасы менен таанышып, оруп жыйноо иштери үзгүлтүккө учуратпоо жана жергиликтүү дыйкандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө тапшырма берди. Иш сапардын жүрүшүндө Ноокат районунун Төлөс айыл өкмөтүндөгү жана Араван […]Читать далее
Ош шаарынын 225-кварталында жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП), окуу борборунун жана мечиттин курулушу аяктап, социалдык курулуштар менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышты. Калаа башчысы тиешелүү кызматтарга, аталган имараттарды курган «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө документтерди даярдоодо көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Белгилей кетсек, 1,5 жылдын ичинде курулуп бүткөн имараттардын жалпы аянты 400 квадрат метрден ашат. Мында […]Читать далее
КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө 2023-жылдын 5-июлунда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана аттуу жаран М.Э.М. кармалды. Ал КР ИИМдин “АБД-ТОР” каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп аталган. […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин форумунун салтанаттуу ачылышына катышууда. Мэр, “Астана – келечектин шаары” форумунун катышуучуларын кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан салам айтуу менен Астананын 25 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап жатып, эзелтен кыргыз-казак бир тууган, ата-бабалардын улуу мурасын улоо, […]Читать далее
Биринчи май районунда окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруунун алкагында №75 мектептин базасында сыйлык тапшыруу аземи өттү. Ардак грамоталарды жана баалуу белектерди акимдин орун басары Рахат Мусаева тапшырды. «Милициянын жаш досу-2022» сынагында: – 1-орунга ноутбук жана Ардак грамота №41 мектептин командасына тапшырылды; – 2-орун үчүн музыкалык колонка жана диплом №75 мектептин командасына берилди; – 3-орун үчүн №28 […]Читать далее
Бүгүн, 5-июлда, «Чакан ГЭС» ААКга караштуу Бала-Саруу гидроэлектростанциясынын аймагында аталган акционердик коом менен Россия-кыргыз өнүгүү фонду ортосунда ГЭСтин курулуш иштерин соңуна чыгаруу үчүн каржылоо бөлүү боюнча кол коюу аземи өттү. Иш-чарага Россия-кыргыз өнүгүү фондунун төрагасы Артем Новиков, Энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев, КР ПРезидентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана башка чакырылган […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолугушту. Жолугушуу жүрүшүндө Кыргызстандын медиа тармагында болуп жаткан акыркы өзгөрүүлөр туурасында пикир алмашуу болду. Негизинен, ЕККУ өкүлү Кыргыз Республикасынын “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору менен учурда таанышып жатканын жана анын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өлкөдөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасы бул жолугушуунун негизги максаты болуп жаткан көйгөйлөрдү жана сунуштарды талкуулоо экенин белгиледи. “Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга карабастан, акыркы эки жылда өлкөбүздө экономикалык өсүштүн жогорку темпи байкалууда, ага ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн салымы бар. Ар бир […]Читать далее
Акылбек Жапаров: 2023-жылы энергетиктерге 76 атайын жаңы техника тапшырылат, бүгүн
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычын тапшырды. Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров акыркы жылдары реформалардын алкагында бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилип, анын натыйжасында компаниялардын чыгымдары туура пайдаланылып, энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылганын билдирди. “Жабдуулар, линиялар – баары […]Читать далее
Сауд Арабиясынын Flynas авиакомпаниясы 2023-жылдын август айында Джидда-Ош-Джидда багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну максат кылууда. «Ош» эл аралык аэропортунан Абдулазиз падыша эл аралык аэропортуна туруктуу каттам биринчи жолу ишке ашырылат. Жаңы багыт боюнча биринчи авиакаттамдын болжолдуу убактысы 2023-жылдын 21-августу. Джиддага каттамдарды Airbus A320neo учактары менен жумасына 3 жолу аткарылышы күтүлүүдө.Читать далее