Коом

“Бишкекгаз” ишканасы абоненттерди жаңы газ түтүгүнө кайра туташтыруу иштерин мөөнөтүнөн

“Бишкекгаз” ишканасы абоненттерди жаңы газ түтүгүнө кайра туташтыруу иштерин мөөнөтүнөн мурда аяктады. Фрунзе көчөсүндөгү абоненттерди жаңы газ түтүгүнө кайра туташтыруу иштери 4-этапта өткөрүлдү. «Бишкекгаз», «Чуйгаз» жана «Севертрансгаз» газ кызматтарынын кызматкерлеринин тез жана эффективдүү ишинин аркасында бардык этаптар белгиленген мөөнөттөн мурда бүткөрүлдү. Үстүбүздөгү жылдын 5-июлуна карата 95% абонентке, тактап айтканда Московский көч. – Жибек Жолу пр., […]Читать далее

Президент

Президент Катардын Элчисин анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда, Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайтини анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Садыр Жапаров жакында эле Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында гана эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катнашта тарыхый мааниси бар Катар Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин мамлекеттик […]Читать далее

Президент

Президент Ирандын Кыргызстандагы Элчиси Голам Хоссейн Ядегарини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Голам Хоссейн Ядегарини кабыл алды. Мамлекет башчысы элчиден ишеним грамотаны кабыл алып, дипломатиялык ишинде ийгиликтерди каалады. Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы саясий байланыш достуктун жана ишенимдин […]Читать далее

Коом

Бишкекте отканаларды катуу отундан газ менен жылытууга өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Ленин акимиаты отканаларды катуу отундан (көмүр) газ менен жылытууга өткөрүү иштерин жүргүзүүдө. “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынан алынган маалыматка ылайык, курулуш иштери 15-августка чейин бүткөрүлөт. Көмүрдүн күйүүсүнөн улам атмосферанын булганышы ден соолук үчүн өзгөчө коркунуч жаратат. Отканаларды көмүрдөн газ менен жылытууга өткөрүүдө абанын булганышы бир топ азаят, ошондуктан муниципалдык администрация тургундарга жылуулуктун […]Читать далее

Укук тартиби

К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалап акча талап кылуу боюнча

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдардын аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, Кыргыз Республикасынын ИИМдин каттоосунда К.Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган Н.С.Т. атту жаран кармалды. Н.С.Т. 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу […]Читать далее

Коом

МБК январь-июнь айларында 48,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн

МБК 2023-жылдын январь-июнь айларында 48,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 107,4%га аткарылды. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын январь-июнь айларында республикалык бюджетке иш жүзүндө 48,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,4%га аткарылды же 3,4 млрд сомго ашыкча жыйналды. […]Читать далее

Президент

Президент Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчиси Николас Боулерди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда, Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Мамлекет башчысы Элчиден ишеним грамотаны кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Садыр Жапаров Кыргызстан Улуу Британия менен кызматташууга даяр […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров “Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон бир күндүк жумуш сапарынын алкагында “Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда газ менен камсыздоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуусунун негизги маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Алексей […]Читать далее

Коом

“Ысык-Көл досторун чакырат-2023” этно-карнавалына 400дөн ашуун бала чогулат

“Чыңгыз Айтматов өзүнүн эң мыкты чыгармаларын Ысык-Көлдүн жээгинде жазган. Андыктан Ысык-Көл сиздерди сөзсүз шыктандырат деп ишенем, – деди бүгүн, 7-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” XIII Эл аралык этно-карнавалынын делегация өкүлдөрү менен жолугушууда. Министр этно-карнавал достуктун, маданий интреграциянын, тажрыйба алмашуунун башаты болгон эң сонун долбоор экендигин белгиледи. Этно-карнавалга катышуу үчүн […]Читать далее

Президент

Президент бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда, резиденциялары үчүнчү өлкөлөрдө жайгашкан Палестинанын, Кувейт Мамлекетинин, Бахрейн Падышалыгынын, Дания Королдугунун жана Грузиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишеним грамоталарын Палестинанын Джавад Мохаммад Авад, Кувейт Мамлекетинин Омар Ахмед Мухаммед Мурад Аль-Кандари, Бахрейн Падышалыгынын Мохамед Гассан Мохамед Аднан Шайхо, Дания Королдугунун Якоб Хеннингсен, Грузиянын Николоз […]Читать далее