2023-жылдын 15-июлунан тартып «Урал аба жолдору» Бишкек-Казань-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткарууну максат кылууда. Авиакаттамдар жумасына бир жолу – ишемби күндөрү аткарылмакчы. Эскерте кетсек, башка авиакомпаниялар бул багыт боюнча жумасына 5 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү каттамдарды аткарышат.Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда, Ош шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык кеңешмесинин протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө жеке менчик ишканалар, анын ичинде сулуулук салондор, тиш дарылоочу кабинеттер, медициналык борборлор, хижама бөлмөлөрү жана ушул сыяктуу […]Читать далее
Акылбек Жапаров БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберленге
Министрлер Кабинетинин Төрагасына БУУнун Өнүктүрүү программаларын ишке ашырууда туруктуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын миссиясы долбоорлордун үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылып, туруктуу өнүктүрүүгө багытталган программаларды ишке ашыруу боюнча ишин уланта турганын белгиледи. Мындан тышкары, Луиза Чемберлен Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын өзгөчө көңүл бурулуп жаткан багыттарына токтолду, атап айтканда, өнүктүрүүнү каржылоо стратегиясын жана […]Читать далее
Азыркы учурда, күндүн каттуу ыссыганына байланыштуу Бишкек шаарынын Ысык-Көл облусуна каттаган жарандардын жана туристтердин каттамы көбөйүүдө. Ошол себептүү, Бишкектеги автобекеттерде Ысык-Көлгө каттаган жеңил унаалардын жана маршруттук унаалардын жетишсиздигине байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кошумча маршурттук унааларды уюштуруп, жүргүнчү ташуучу фирмалардан 30га жакын маршруттук унааларды жана 3 автобустарды сүйлөшүү жолу менен алышып, Бишкек-Чолпон-Ата каттамына […]Читать далее
Түркиянын Ван аймагында жашаган кыргыздарды тарыхый-этнологиялык өңүттө изилдөө иштери уюштурулду
2023- жылдын 1-10- июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памира айылында жашап жаткан кыргыздардын тарыхын , салттуу маданиятын жалпы изилдөөгө алуу максатында тарыхый-этнологиялык өңүттө изилдөө иштери уюштурулду. Иш аракет Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин […]Читать далее
“Жайкы туристтик мезгил-2023” иш-чарасы учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылдын 2-июлунан тарта Ысык-Көлдүн Чолпон-ата шаарында жылып туруучу “Авто Ураган” аппараттык-программалык комплексси ишке киргизилген. Бул аппараттык-программалык комплекссинин жардамы менен Чолпон-Ата шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери одоно жол эрежелерин бузган баардыгы 29 авто унааларды аныкташып, атайын айып короо жайына токтотушту. […]Читать далее
Бүгүн, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов, КУЭТ тарабынан бөлүнгөн 9 даана жаңы авто унааларды район электр тармактар ишканаларына тапшырды. Сүйүнбек Усенов, өз сөзүндө техникалардын берилиши жумуштун сапатын жакшыртууга, калкты электр энергиясы менен камсыздоодо ишенимдүүлүктү арттырууга өбөлгө түзөт деди. Күз-кышка карата камылгаларды тиешелүү деңгээлде жүргүзүп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого болгон […]Читать далее
2023-жылдын 17-19-июль күндөрү ысык аба-ырайы сакталып, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38° чейин болушу күтүлөт. Мындай кургак ысык аба-ырайы учурунда зарылчылык болбосо сыртка чыкпаганга аракет кылыңыздар. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл! Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат.Читать далее
Октябрь районунун 10-кичирайонунда КРнын Президентинин тапшырмасы менен дагы бир мектеп ачылат. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 10-кичи райондо жайгашкан И.Арабаев атындагы университетке барып, имараттын жана аудиториянын абалы менен таанышты. Имараттын аянты 11000 чарчы метрден ашат жана анын жарымы туура эмес багытта колдонулган. Мамлекет башчысы имараттын кейиштүү абалын эске алып, жалпы билим берүүчү уюм катары Бишкек шаарынын […]Читать далее
ИИМдин тергөө кызматына мыйзамсыз аракеттердин аныкталган фактылары боюнча ыкчам кызматтардан маалымат келип түшкөн. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган 45ден ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген. […]Читать далее