Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМК менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттардын ташылып келүүсүнө жана сатылышына бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрдү. Буга чейин ыкчам кызматкерлер Кыргыз Республикасына психотроптук заттардын ири партиясын алып келүү жана сатуу каналын түзгөн белгисиз адамдар тууралуу маалыматты текшеришкен. 2023-жылдын 17-майында ИИМдин БМЖКККнын, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2023-жылдын 12-июлунда ѳзүнүн жыйынында 2023-жылдын 10-сентябрында, жекшемби күнү №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону дайындоо жѳнүндѳ чечим кабыл алды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Респрубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын. конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бѳлүгүнүн 2-пунктуна ылайык. КР БШКнын 2023-жылдын 16-июнундагы токтому менен Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары анык эмес деп таанылган. Конституциялык Мыйзамдын 38-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, эгерде шайлоо жараксыз жана болбой калды деп таанылган, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер, саясий партия шайланбай калган учурда, кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт.Читать далее
13-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Т. Айтматов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан имараттын 9-кабатынан 2006-жылы туулган А.Т. аттуу бала секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен натыйжада жогоруда аталган 17 жаштагы баланы өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан. […]Читать далее
Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унаа жана автобустарды чыгарган түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга ANADOLU ISUZU эл аралык сатуу боюнча менеджери Севкан Караман, ANADOLU ISUZU экспорт директору Серкан Өзтүрк жана ANADOLU ISUZU КМШ жана Перс булуңундагы өкүлү Мухаммед Саид катышты. Жолугушууда тараптар кысылган жаратылыш газы менен жүргөн 12 метрлик […]Читать далее
Ысык-Көл областынын прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1.4 км. жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү көрсөткөндөй, Дирекциянын айрым кызмат адамдары, өз кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалгандыктан 6 айга жетпей бузулуп, мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом акчалай түрдө зыян келитирилгендиги аныкталган. Бул факт боюнча Ысык-Көл […]Читать далее
Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операциясы жасалат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды. “Бүгүн мамлекетибизде маанилүү окуянын башталышы болду. Жакшы билесиздер, арабызда бөйрөгүнөн, боорунан жана ички органдарынан жабыркагандар бар. Алар өтө чоң суммадагы каражаттарды сарптап, чет өлкөлөргө барып операция жасатып келишет. Каржылык мүмкүнчүлүгү жоктор тек гана өмүрү менен коштошуп, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында Министрлер Кабинетинин кезектеги отуруму болуп, жыйындын күн тартибинде 15 маселе каралды. Кеңешмеде негизинен буга чейин бекитилген ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынды. Негизгилерине токтоло турган болсок, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын “Сандалаш” участогунун […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын орун басары Манасбек Сыдыгалиев жана башкы башкармалыктын штаб жетекчиси Нурлан Молдалиев туристик агентстволордун жана туристтик фирмалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Анда, туристтик мезгил учурунда, чет өлкөдөн келген конокторду тосуп алуу, коопсуздугун камсыздоо жана керектүү учурда сервердик кызматтарды көрсөтүү менен Кыргызтандын керемет жерлерин […]Читать далее
Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Соцфондтун басма сөз кызматы маалымдады. 2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 162 суроо-талап жиберилген, […]Читать далее
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиевдин жетекчилиги алдындагы комиссия жаңы модернизацияланган «Вип» классындагы вагонду сыноодон өткөрүүдө. Бул вагон бардык коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан, чоң радиустуу панорамалык терезелерди орнотууга мүмкүн болгудай кузовдун бөлүгү бекемделген. Вагондун улуттук стилде жасалган ички жасалгасы маанилүү элемент болуп саналат, андыктан дубалда кыргыз элинин байыркы […]Читать далее