Дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кувейт өлкөсүндө өткөн “Kuwait Asian Open” эл аралык мелдешинде 3 медаль (1 алтын, 1күмүш, 1 коло) жеңди. 90 кг салмак категориясында Анарбек Ишенбаев алтын медалга, 66 кг салмакта Эрбол Абасбеков күмүш медалга жана 100 кг жогорку салмактагылар арасында Сыймык Жапаров коло медалга ээ болду. Белгилей кетсек, аталган мелдеш 28-29-апрель […]Читать далее
Бүгүн, 2-май күнү Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФС менен Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович ортосунда келишимге кол коюлду. Келишимдин мөөнөтү 2024-жылдын 30-июнуна чейин эсептелген. «Мага болгон ишеним үчүн Кыргыз футболдук союзунун президентине ыраазычылык билдирем. Бизде чоң пландар бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз», – деди словакиялык адис. «Мындай жогорку квалификациялуу машыктыруучу биз […]Читать далее
Май айында Кыргызстанда өтө турган жаштар жана чоңдор арасында гиря көтөрүү боюнча Азия чемпионатына, улан-кыздар, ардагерлер арасында Азия биринчилигине жана бодибилдинг, фитнес боюнча Азия чемпионатына даярдыктар боюнча маалымат жыйын өттү. Жыйынга Дене тарбия жана спорт департаментинин Спорттогу жогорку жетишкендиктер бөлүмүнүн начальниги Тилекмат Абдырахманов, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору Райымбек Токомбаев, гиря көтөрүү федерациясынын […]Читать далее
Кыргыз футболдук союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келет. Белгилей кетсек, бул анын өлкөбүзгө биринчи сапары. 4-5-майга белгиленген сапарынын алкагында Джанни Инфантино Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушат. ФИФАнын жетекчисинин Кыргыз Республикасынын Президенти менен бирге Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 1-мартында Президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле эл аралык спорт коомчулугунда Кыргыз Республикасынын аброюн бекемдеген жогорку спорттук жетишкендиктерге […]Читать далее
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү күрөш боюнча Азия чемпионатында 4 медаль жеңди (1 алтын, 1 күмүш, 2 коло). Эркин күрөш боюнча беттештер 13-14-апрель күндөрү Казакстандын Астана шаарында өттү. 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу алтын медал, 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков күмүш медаль жеңди. Ошондой эле 65 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков, 70 кг […]Читать далее
Президент Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады
Президент Садыр Жапаров Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады. “Жумашбек уулу Тайырбек Азия чемпиону болуп, Алмаз Сманбеков экинчи орунду алып, Орозобек Токтомамбетов менен Улукбек Жолдошбеков коло медаль жеңип алып, күйөрмандарын дагы бир жолу кубандырышты. Бул азаматтарыбыз келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге жетерине ишеничтер чоң”, – деп билдирди Президент. Садыр Жапаров балбандарды, Азия чемпионатында […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов АКШнын Весмонт шаарында өткөн TYR PRO SERIES Эл аралык мелдешинде экинчи орунду ээледи. Мелдеш 12-апрель күнү башталган , эртең 15-апрель күнү жыйынтыкталат. Петрашов 100 брасс дистанциясында катышат. Белгилей кетсек, аталган мелдешти жеңген спортчулар 1-5-август күндөрү Калифорния штатынын Ирвин шаарында өтө турган “Филипс 66” Эл […]Читать далее
2023-жылдын 13-апрелинде «Манас» эл аралык аэропортунда кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданы тосуп алуу аземи өттү. Кыз-келиндер арасында өткөн Азия оюндарында кыргызстандык балбан кыздар 3 медалга ээ болушту: Айсулуу Тыныбекова (алтын) Айпери Медет кызы (күмүш) Калмира Билимбекова (коло) «Манас» эл аралык аэропортунан спортчуларды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Маданият, […]Читать далее
7-апрелден 9-апрелге чейин Россиянын Москва шаарында кармашып урушуу боюнча аялдар жана эркектер арасында “Достук кубогу-2023” аталыштагы дүйнө кубогу өткөн. Бул тууралуу КРнын ИИМнин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди. Ага ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери дагы катышып, байгелүү орундарды ээлешти. Бул спорттук иш-чарада 90+ салмакта 2-орунду полктун атайын операциялар отрядынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам […]Читать далее