Дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кувейтте өткөн эл аралык мелдешинде 3 медаль жеңди

 Дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кувейтте өткөн эл аралык мелдешинде 3 медаль жеңди

Дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кувейт өлкөсүндө өткөн “Kuwait Asian Open” эл аралык мелдешинде 3 медаль (1 алтын, 1күмүш, 1 коло) жеңди.

90 кг салмак категориясында Анарбек Ишенбаев алтын медалга, 66 кг салмакта Эрбол Абасбеков күмүш медалга жана 100 кг жогорку салмактагылар арасында Сыймык Жапаров коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш 28-29-апрель күндөрү өтүп Кыргызстандын атынан жалпы 12 спортчу катышкан.

Связанный пост