Май айында Кыргызстанда эки Азия чемпионаты өтөт

 Май айында Кыргызстанда эки Азия чемпионаты өтөт

Май айында Кыргызстанда өтө турган жаштар жана чоңдор арасында гиря көтөрүү боюнча Азия чемпионатына, улан-кыздар, ардагерлер арасында Азия биринчилигине жана бодибилдинг, фитнес боюнча Азия чемпионатына даярдыктар боюнча маалымат жыйын өттү.

Жыйынга Дене тарбия жана спорт департаментинин Спорттогу жогорку жетишкендиктер бөлүмүнүн начальниги Тилекмат Абдырахманов, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору Райымбек Токомбаев, гиря көтөрүү федерациясынын башкы катчысы Азамат Казакбаев, Фитнес жана бодибилдинг боюнча Азиянын президенти Виталий Кожухов, аталган федерациянын Кыргызстандагы президенти Людмила Кожухова, вице-президенти Сергей Аслаповский жана башкы машыктыруучусу Артем Андреев катышты.

Тилекмат Абдырахмановдун билдирүүсү боюнча Гиря көтөрүү боюнча Азия чемпионаты 4-8-май күндөрү Бишкек шаарында, ал эми бодибилдинг жана фитнес боюнча Азия чемпионаты 12-15-май күндөрү Чопон-Ата шаарында өтөт.

“Гиря көтөрүү боюнча Азия чемпионатына 6 өлкөдөн (Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея, Индия жана Кыргызстан) 300дөй спортчу катышат. Ал эми мелдешти өткөрүү үчүн департаменттин бюджетинен 1 млн 480 миң сом каралган. Ошондой эле, бодибилдинг, фитнес жана фитнес челлендж боюнча Азия чемпионатына 20 өлкөдөн 700-800гө жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Бодибилдинг боюнча Азия чемпионатын өткөрүүгө башкармалыктын бюджетинен 955 миң сом каралган», – деди ал.

Гиря көтөрүү федерациясынын башкы катчысы Азамат Казакбаев Азия чемпионатына Эл аралык гиря көтөрүү союзунун аткаруу комитетинин төрагасы Игорь Солодов жана келерин белгиледи.

КР Фитнес жана бодибилдинг федерациясынын президенти Людмила Кожухова буга чейин да Азия чемпионаты Кыргызстанда ийгиликтүү өтүп, эң көп спортчу катышкан мелдеш катары эсте калганын билдирди:

“Спорттун бул түрү өлкөдө тез өнүгүп жатат. Былтыр биздин өлкө биринчи жолу Азия чемпионатын өткөрүп, анда рекорддук сандагы спортчу катышкан. Мелдештин аркасы менен Кыргызстан спорттук өлкө катары гана эмес, маданияты бай өлкө катары таанылууда”, – деп кошумчалады ал.

Связанный пост