Бүгүн, 1-июнда Бишкекте «Мурас» футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Турнир президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 31-май жана 1-июнь күндөрү орун алды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө спорт ден соолуктун жана узак жашоонун булагы экенин баса белгиледи жана командаларга мындан аркы турнирлерде жеңиш каалады. Ал ошондой эле «Мурас» турниринин 3-ирет жеңүүчүсү болгон «Ден соолук» командасын куттуктады. Мелдештин жыйынтыгында «Ден соолук» […]Читать далее
Бүгүн, 31-майда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен футбол боюнча «Мурас» салттуу достук турнири башталды. Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча «Президенттин командасы» «Ден соолук», «Элчилер» жана «Өнөр» командаларын утуп алды. Турнир эртең, 1-июнда, уланат. Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров Президенттин Администрациясынын кызматкерлери, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилеринен турган команданын курамында ойнойт.Читать далее
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салтка айланган “Мурас” достук турнири башталды. Турнирдин ачылышында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, жарандарды спорт менен машыгууга үндөп, катышуучу командаларга ийгилик каалап өттү. Мелдеш 2 күнгө созулуп, ага 16 команда команда катышууда: «Президенттик команда», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт оюндары», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», […]Читать далее
31-майдан 1-июнга чейин президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Мелдешке 16 команда: «Президенттик команда», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт оюндары», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес» жана «Элчилер» катышат. Турнир борбор калаадагы «Газпром» […]Читать далее
23-май күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында толугу менен реконструкциядан өткөн стадиондун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, ачылыш азем КР Премьер-лигасынын 11-турунун алкагындагы “Барс” (Каракол) – “ОшМУ” (Ош) футболдук клубдарынын беттеши менен уланат. Ачылыш азем саат – 18:00дө башталып, оюндун старттык ышкырыгы саат 20:00дө жаңырат. Азем белгилүү ата мекендик алдыңкы эстрада жылдыздарынын катышуусундагы […]Читать далее
Быйыл Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларынын стадиондору колдонууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалым болгондой, КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов Кыргызстандын түштүк аймактарына болгон иш сапарынын алкагында учурда курулуп жана реконструкциядан өтүп жаткан бир нече футбол объекттерине баш бакты. Атап айтканда, Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларынын стадиондорунун […]Читать далее
ФИФА президенти Жанни Инфантино өз кайрылуусунда Камчыбек Ташиевди жана Кыргыз футбол биримдигин FIFA Arena кичи аянтчасынын ачылышы менен куттуктады. “Баарыбыз жакшы көргөн футболду ойноону кыялданган ар бир уул-кыз үйрөнүү, ойноо жана өсүү үчүн коопсуз аймакка ээ болуп жатат”, – деп жазды Инфантино. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, Кыргызстан FIFA ARENA долбоору ишке кирген 11 өлкөнүн бири […]Читать далее
Кыргыз альпинисти Асел Байбагышева Эверестти багындырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, Асел Байбагышева Эверестке чыккан биринчи кыргызстандык аял болуп калды. “Асел – дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусуна Кыргызстандан чыккан биринчи айым. 11-май биздин спорт үчүн тарыхый күн. 1-2 күн ичинде альпинистибиз негизги лагерге аман-эсен түшүп алсын. […]Читать далее
Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасына жаңы башкы машыктыруучусу дайындалды. Кыргыз футбол биримдиги кабыл алган чечимге ылайык аталган кызматка UEFA PRO лицензиясына ээ болгон бразилиялык адис Эдмар Ласерда келди. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, адис кезинде профессионалдык футбол оюнчусу катары бразилиялык “Индепендиенте”, “Паулиста” жана “Интернасьональ” клубдарында ойногон. Ал 2003-жылы Украинага көчүп, “Таврия” клубу менен келишим түзгөн. Андан кийин […]Читать далее
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Американын Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өткөн эл аралык ачык мелдеште 6 медаль – 4 алтын, 1 күмүш, 1 коло жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Алтын медалын ээлери: 50 кг Анвар Ходжиев; 55 кг Зафарбек Камилов; 60 кг Мунарбек Сейитбек уулу; 70 кг Ихтияр […]Читать далее