Бүгүн, 23-май күнү Өзбекстандын Жизак шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында “Алыш” белбоо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча беттештер жыйынтыкталды. Кыргызстандын курама командасынын мучөлөрү жалпы 7 медаль (6 алтын, 1 коло) жеңди. Кыз-келиндер арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова жана +75 кг салмак категориясында Айжан Анарбекова алтын медалга ээ болушту. Ал эми 60 кг салмакта Бегайым […]Читать далее
“Бишкек-Арена” муз аянтчасында “New York cup” эл аралык мелдеши башталды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын вице-президенти Асель Абдыгулова жана атайын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бокс боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон спортчу Мунарбек Сейитбек уулуну жеңиши менен куттуктады. “Бул жолу Мунарбек Сейитбек уулун кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан коло медаль жеңип алышы менен куттуктайм! Бул Кыргызстандын жаңы тарыхында бокс боюнча дүйнө чемпионатындагы биринчи байгелүү орун. Мушкерибиз көпчүлүккө Союз маалында атагы алыска кеткен кыргыз бокс мектебинин […]Читать далее
2023-жылдын 15-майында бокс боюнча коло байге ээсин Мунарбек Сейитбек уулун «Манас» эл аралык аэропортунда салтанатту түрдө тосуп алышты. Мушкер Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда биринчи медаль – коло медалды жеңип алды. Аэропортто мушкерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы спорт жана жаштар саясаты […]Читать далее
Бүгүн, 13-май күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын ат майданында ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл Эл аралык марафону старт алды. Ысык-Көл марафонунун салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин катышты. Эдиль Байсалов Эл аралык Ысык-Көл марафонунун катышуучуларын куттуктап, быйыл 4-жолу өтүп жаткан ШКУнун Run […]Читать далее
Казакстанда велоспорт сүйүүчүлөр жана ардагерлер арасында “Gran Fondo Giant Kazakhstan” эл аралык веложарыш өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды. Велосипед жарышы эки дисциплина боюнча өттү – 20 км аралыкка жеке жарыштын башталышы жана бардык категориялар боюнча тайпалык жарыштын башталышы. Жалпысынан 200дөн ашык спортчу, Кыргызстандын спорт мектебинен 6 велоспортчу катышты. Мелдештер ички жана сырткы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Президенти Джанни Инфантино бүгүн, 5-майда, биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачышты. Төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын долбоору боюнча курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган. Жаңы кеңсенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, бир күн мурун Бишкекке келген Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Президенти Джанни Инфантинону кабыл алды. Кыргыз футболун өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Джанни Инфантинону жылуу тосуп алып, аны Эл аралык футбол федерациясынын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, дүйнө жүзү боюнча футболду […]Читать далее
«Манас» эл аралык аэропортунда 2023-жылдын 4-майында эл аралык футбол федерациясынын президенти Джанни Инфантинону салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропаорту” ААКнун басма сөз кызматы билдирди. Чет элдик конокту Кыргыз футбол союзунун (КФС) башчысы Медербек Сыдыков тосуп алды. Кыргызстанга болгон биринчи сапарында Джанни Инфантино өлкө президенти Садыр Жапаров менен жолугушат. Коргоо министрлигинин башчысы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш (грек-рим, эркин күрөшү, кыз-келиндер күрөшү) боюнча курама команда Анталия шаарында (Түркия) өткөн “Victory Cup and Champions” Эл аралык мелдешинде 11 медаль (3 алтын, 3 күмүш, 5 коло) жеңди. Мелдеш 29-апрелде башталып, 4-майга чейин уланууда. Кыз-келиндер күрөшү боюнча (U-20) 59 кг салмакта катышкан Таңчолпон Кабылова жана 62 кг салмак категориясында Калмира Билимбекова […]Читать далее