Күрөш боюнча курама команда “Victory Cup and Champions” Эл аралык мелдешинде 11 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш (грек-рим, эркин күрөшү, кыз-келиндер күрөшү) боюнча курама команда Анталия шаарында (Түркия) өткөн “Victory Cup and Champions” Эл аралык мелдешинде 11 медаль (3 алтын, 3 күмүш, 5 коло) жеңди. Мелдеш 29-апрелде башталып, 4-майга чейин уланууда.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча (U-20) 59 кг салмакта катышкан Таңчолпон Кабылова жана 62 кг салмак категориясында Калмира Билимбекова күмүш медаль жеңди. Ал эми 57 кг салмакта Айтолкун Медет коло медалга ээ болду.

Грек-рим күрөшү боюнча (U-23) 63 кг салмакта Жантөрө Мырзалиев, 87 кг салмак категориясында Асан Жанышов жана 60 кг салмакта Сабит Шамшидинов алтын медаль тагынды. 72 кг (U-17) салмакта Имур Темирбеков күмүш медаль тагынды. 72 кг салмакта Абдулазиз Аскарбеков жана 77 кг салмак категориясында Алибек Бердиев коло медаль тагынышты.

Эркин күрөш боюнча (U-20) 65 кг салмакта Аден Сакбаев жана 79 кг салмакта Автандил Төлөгөнов коло медалдын ээлери болушту.

Связанный пост