Бокс боюнча коло медал алган Мунарбек Сейитбек уулун аэропорттон салтанатту түрдө тосуп алышты

2023-жылдын 15-майында бокс боюнча коло байге ээсин Мунарбек Сейитбек уулун «Манас» эл аралык аэропортунда салтанатту түрдө тосуп алышты.

Мушкер Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда биринчи медаль – коло медалды жеңип алды.

Аэропортто мушкерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Спорт жана дене тарбия департаментинин директору Айбек Абдымомунов , ошондой эле спортчунун туугандары жана ЖМК өкүлдөрү тосуп алып жеңиши менен куттуктады.

Эске салсак, бокс боюнча XXII дүйнө чемпионаты 2023-жылдын 30-апрелинен 14-майына чейин Ташкентте (Өзбекстан) өткөн. Чемпионатка дүйнөнүн 107 өлкөсүнөн 538 спортчу катышты.

Связанный пост