ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл эл аралык марафону старт алды

Бүгүн, 13-май күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын ат майданында ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл Эл аралык марафону старт алды.

Ысык-Көл марафонунун салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин катышты.

Эдиль Байсалов Эл аралык Ысык-Көл марафонунун катышуучуларын куттуктап, быйыл 4-жолу өтүп жаткан ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл эл аралык марафону жыл сайын өсүп жатканын жана мындан ары да өнүгө берээрине ишенеээрин билдирди.

Марфондун алкагында марафон (42 км 195 м), жарым марафон (21 км 97 м), 10 км, 3 км аралыктарында жана скандинавиялык басуу боюнча жарыштар өтүүдө. Жалпы байге фонду 1 534 000 сомду түзөт. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Аталган марафон ШКУнун эгидасы алдында 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл 4-жолу өтүп жаткан иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн 3 миң катышуучу катталган.

Анын ичинде Казахстан, Беларуссия, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран жана Кыргызстандан келген алдыңкы спортчулар да бар.

Эске салсак, 2021-жылы Ысык-Көл марфону Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын «Label Road Races» аталышындагы календардык планына киргизилген. Ошондой эле марафондун талаптарын аткарган спортчулар Азия оюндарына, Дүйнө чемпионатына жана Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Связанный пост