“Бишкек-Арена” муз аянтчасында “New York cup” эл аралык мелдеши башталды

 “Бишкек-Арена” муз аянтчасында “New York cup” эл аралык мелдеши башталды
“Бишкек-Арена” муз аянтчасында “New York cup” эл аралык мелдеши башталды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын вице-президенти Асель Абдыгулова жана атайын чакырылган коноктор катышышты.
Мелдешке жалпы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 19 команда катышууда. Беттештер өспүрүмдөр, жаштар жана ардагерлер арасында өтүүдө.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш 20-майга чейин уланат.

Связанный пост