Акжол Махмудов XIX Азия оюндарында алтын медал тагынды

 Акжол Махмудов XIX Азия оюндарында алтын медал тагынды

Акжол Махмудов бүгүн, 4-октябрда грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда ирандык Амин Кавиянинежад менен жеңип, Азия оюндарынын чемпиону болду.

Махмудов мелдешти чейрек финалдан баштап, буга чейин эки атаандашын утуп, финалга чыккан. Алгач камбоджалык Сопак Кеоны, жарым финалда казак балбаны Азат Садыковду жеңген.

Буга чейин Акжол Махмудов 2018-жылы Азия оюндарынын күмүш медалын тагынган.

Связанный пост