Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джо Байден Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз – жаз майрамы менен куттуктады. «Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эли менен бирге бул күндү жакындары менен чогулуп, өткөнгө ой жүгүртүп, келечекке болгон үмүттөрүн кайрадан карап чыккан жаздын келишин куттуктайт. Азыркы жаңы перспективалар мезгилинде биз өкмөттөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүктү жана элдерибиздин […]Читать далее
Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Сизди байыркы Нооруз майрамынын – жаратылыштын кайра жандануу мезгилинин келиши менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн миңдеген жылдар бою сүйүүнүн жана боорукердиктин символу болуп, жүрөктөрдү ойготуп, жаңылануунун жарчысы катары келе жатат. Куттуу майрам элдерибиздин жашоосуна өзгөрүүлөрдү […]Читать далее
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн татаал шарттарында эзелтен бери кадырлап келген бул майрамдын жаратмандык руханий башаттары жана идеалдары өзгөчө мааниге ээ болууда. Ноорузга мүнөздүү болгон достуктун жана бир туугандыктын, өз ара урматтоонун жана колдоонун салттары бүгүн бизди тынчтыкты, бакубаттуулукту жана […]Читать далее
Сауд Аравия Королдугунун Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Нооруз майрамына карата Улуу Даражалуу Сизди чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргызстандын Өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоодо. Сауд Аравиянын Мураскор […]Читать далее
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Нооруз – жаратылыштын кайра жаралуусунун, жаңылануунун жана жаратмандыктын жарчысы болуу менен, жалпы адамзат баалуулуктарын – тынчтыкты, гуманизмди жана ынак коңшулукту ичине камтыйт. Бул майрам биздин жалпы мурасыбыз болуп, элдерди жакындатууда маанилүү роль ойноп, мамлекеттер аралык ишенимдүү мамилелерди чыңдоого жардам […]Читать далее
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Бул майрам адамзаттын элдерибиздин маданиятына кошкон баалуу салымы, ошондой эле аруулуктун жана сулуулуктун символу болуп саналат. Нооруз адамдардын жүрөгүнөн түнөк таап, өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана биримдикти даңазалайт. Элдерибиздин эрки менен биз мындан ары да азербайжан-кыргыз достугун жана […]Читать далее
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Тарыхы, маданияты, тили жана дини бир боордош элдерибиз адамдарды руханий жактан бириктирген, жүрөктөрүндө улуу сапаттарды ойготкон, гумандуулук, боорукердик идеяларын камтыган Нооруз майрамын кылымдар бою чыдамсыздык менен күтүп, кубаныч менен белгилеп келет. Биздин дос өлкөлөрүбүздүн ортосунда бардык деңгээлде жетишилген […]Читать далее
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Өткөн жылдын сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун Саммитинин алкагында терең жана достук пикир алышуу болуп, кытай-кыргыз мамилелери жана эки өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы кызматташуусу боюнча маанилүү консенсуска жетишип, ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары […]Читать далее
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Биздин боордош элдерибиз эзелтеден бери келе жаткан бул майрамды ынтымак менен биримдиктин салтанаты, жан аябас жакшылыктын жана бакыттын элеси катары өзгөчө жылуу маанай менен тосуп алат. Нооруздун жаркын күндөрү бизге жылуулук тартуулап, ынтымактуу мамлекеттерибизге бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. 14 айылдык кеңеште мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде шайлоо округдарында аялдар үчүн 97 мандат резервге калтырылган. 14 айылдык кеңешке бардыгы 493 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинде – 174 аял-талапкер. 470 талапкер катталды, анын ичинде 164 аял-талапкер бар. Айылдык кеңештерге […]Читать далее