Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Биздин боордош элдерибиз эзелтеден бери келе жаткан бул майрамды ынтымак менен биримдиктин салтанаты, жан аябас жакшылыктын жана бакыттын элеси катары өзгөчө жылуу маанай менен тосуп алат. Нооруздун жаркын күндөрү бизге жылуулук тартуулап, ынтымактуу мамлекеттерибизге бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү тартууласын.

Биргелешкен күч-аракеттердин аркасы менен бекем достукка жана ынак коңшулукка негизделген казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жакын элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да динамикалуу өнүгө берерине ишенем.

Нооруз ар бир үйгө ырыскы, гүлдөп өнүгүү алып келсин!”  – деп айтылат Казакстандын Президентинин куттуктоосунда.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго Кыргызстандын жаркын келечеги жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн бардык жакшы иштерде чоң ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

Связанный пост