Ирандын Президенти Сейед Эбрахим Раиси Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Ирандын Президенти Сейед Эбрахим Раиси Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Сизди байыркы Нооруз майрамынын – жаратылыштын кайра жандануу мезгилинин келиши менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн миңдеген жылдар бою сүйүүнүн жана боорукердиктин символу болуп, жүрөктөрдү ойготуп, жаңылануунун жарчысы катары келе жатат.

Куттуу майрам элдерибиздин жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келип, жалпы тарыхый жана маданий байланыштарды эске салып, аны менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди кеңейтип, тереңдете алабыз, деп ишенем», – деп айтылат куттуктоодо.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми дос жана боордош Кыргыз Республикасынын элине бакыт, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Связанный пост