Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

 Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн татаал шарттарында эзелтен бери кадырлап келген бул майрамдын жаратмандык руханий башаттары жана идеалдары өзгөчө мааниге ээ болууда.

Ноорузга мүнөздүү болгон достуктун жана бир туугандыктын, өз ара урматтоонун жана колдоонун салттары бүгүн бизди тынчтыкты, бакубаттуулукту жана элдерибиздин мыкты келечегин мындан ары бекемдөө үчүн ар тараптуу биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого үндөйт.

Биздин өлкөлөр жаңы үмүт жана умтулуулар менен Нооруз майрамынын өчпөс баалуулуктарын карманып, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелерин мындан ары да кеңейтип жана өнүктүрөөрүнө ишенем», – деп айтылат Тажикстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана жаңы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Связанный пост