АКШнын Президенти Джо Байден Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз – жаз майрамы менен куттуктады

 АКШнын Президенти Джо Байден Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз – жаз майрамы менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джо Байден Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз – жаз майрамы менен куттуктады.

«Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эли менен бирге бул күндү жакындары менен чогулуп, өткөнгө ой жүгүртүп, келечекке болгон үмүттөрүн кайрадан карап чыккан жаздын келишин куттуктайт. Азыркы жаңы перспективалар мезгилинде биз өкмөттөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүктү жана элдерибиздин ортосундагы достукту тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө умтулуубузду дагы бир жолу ырастайбыз. Нооруз майрамыңыз кут болсун!” – деп айтылат куттуктоодо.

Ошону менен бирге Джо Байден Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин келе жаткан Рамазан айы менен куттуктады.

Связанный пост