14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады

 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады

Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады.

14 айылдык кеңеште мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде шайлоо округдарында аялдар үчүн 97 мандат резервге калтырылган.

14 айылдык кеңешке бардыгы 493 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинде – 174 аял-талапкер.

47талапкер катталды, анын ичинде 164 аял-талапкер бар.

Айылдык кеңештерге шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү 2023-жылдын 20-мартында башталып, 2023-жылдын 8-апрелинде саат 8.00дө аяктайт.

2023-жылдын 9-апрелинде 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Связанный пост