Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Нооруз – жаратылыштын кайра жаралуусунун, жаңылануунун жана жаратмандыктын жарчысы болуу менен, жалпы адамзат баалуулуктарын – тынчтыкты, гуманизмди жана ынак коңшулукту ичине камтыйт. Бул майрам биздин жалпы мурасыбыз болуп, элдерди жакындатууда маанилүү роль ойноп, мамлекеттер аралык ишенимдүү мамилелерди чыңдоого жардам берет.

Бул жаркыраган майрам Сиз үчүн жана Сиздин өлкөнүн бардык эли үчүн кубаныч, бакыт жана гүлдөп-өнүгүү менен белгиленсин!” — деп айтылат Түркмөнстандын Президентинин куттуктоосунда.

Связанный пост