Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Тарыхы, маданияты, тили жана дини бир боордош элдерибиз адамдарды руханий жактан бириктирген, жүрөктөрүндө улуу сапаттарды ойготкон, гумандуулук, боорукердик идеяларын камтыган Нооруз майрамын кылымдар бою чыдамсыздык менен күтүп, кубаныч менен белгилеп келет.

Биздин дос өлкөлөрүбүздүн ортосунда бардык деңгээлде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу – өзбек жана кыргыз элдеринин жалпы жыргалчылыгын камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал болуп кызмат кылып жатканы бизди чексиз кубандырат.

Биздин бекем саясий эркибиздин аркасы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк маанайындагы өзбек-кыргыз мамилелери мындан ары да ырааттуу өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Өзбекстандын Президентинин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы жеңиштерди, ал эми көп улуттуу кыргыз элине тынчтык жана прогресс каалады.

Связанный пост