“Кыргыз жарандары кыргыз тилинде сүйлөй алгандай, жаза алгандай, ойлоно алгандай шарт түзүшүбүз керек. Биз өзүбүз кайдыгер мамиле кылсак, мамлекеттик тил эч качан өнүкпөйт”,- деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында. “»Өнөр алды — кызыл тил« дейт элибизде. Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү, улуттун улут болуп сакталып калышы үчүн Мамлекеттик тилдин өзгөчө орунду ээлери […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишинине мониторингдин жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн башкы документи болгон – Улуттук программага сапаттуу жана толук ишке ашыруу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн так жана жөнөкөй системасы киргизилгендигин белгиледи. Анда ар […]Читать далее
“Чек ара толук чечилмейин мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет”,- деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында. “Ага тилекке каршы соңку окуялар күбө. Дал ушундан улам бүгүнкү күндө үч коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Тажикстан менен чек араны тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Эгемендүүлүк жылдан […]Читать далее
Билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүүлөр башталды, – деди президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында. Мамлекет башчысы өз сөзүндө билим берүүнүн стандарттары толугу менен каралып чыккандыгын эске салды. “Мектеп директорлорун ротациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, ондогон жылдар бою бир ордунда отурган директорлор алмашты. Кошумча каржы булактары табылып, мугалимдердин айлыгы сезилерлик деңгээлде көтөрүлдү. Бул алардын шыктануусуна, […]Читать далее
Бүгүн, 28-декабрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Годаны кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-жапон кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттик алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев алгач Хидэки Годаны Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Тажрыйбалуу элчи катары эки элдин байланышын чыңдоого зор салым […]Читать далее
«Келе жаткан Жаңы жылда биз силерден мыкты жетишкендиктерди, кызыктуу идеялар менен жаңы ачылыштарды жана жеңиштерди күтөбүз», — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыда баса белгиледи. Мамлекет башчысынын президенттик балатыда сүйлөгөн сөзүнүн толук тексти: «Урматтуу балдарым! Кымбаттуу жеткинчектер! Силерди көптөн күткөн эң ажайып майрамыңар […]Читать далее
Бүгүн, 27-декабрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджини кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев алгач Арун Кумар Чаттерджини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Элчи катары эки элдин калыптанган достук […]Читать далее
Кыргыстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев ишеним грамоталарын тапшырууга байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу азем Анкарадагы президенттик сарайда өттү. “Түркиянын президентине ишеним грамоталарын тапшыргандан кийин эки тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө элчи Казакбаев президент Эрдоганга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан келе жаткан жаңы жылга карата саламын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болот. Жыйында Министрлер Кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле Министрлер Кабинетинин 2023-жылга иш планы каралат. Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Президенттик Администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат. Министрлер […]Читать далее
Бүгүн, 28-декабрда, Президент Садыр Жапаров Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар […]Читать далее