Британиянын ТИМ башчысы “Үркүн” мемориалына гүлчамбар койду

 Британиянын ТИМ башчысы “Үркүн” мемориалына гүлчамбар койду

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, кыргыз элинин тарыхына таазим кылды.

Британиянын кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, ал өзүнүн Кыргызстанга болгон иш сапарын 22-апрелде трагедиянын курмандыктарын эскерүү үчүн “Үркүн” мемориалына гүлчамбар коюу менен баштаган.

Аталган комплекстин директору Болот Абдрахманов министрге Үркүн жана “Ата-Бейиттин” тарыхы тууралуу айтып берди.

Белгиленгендей, Дэвид Кэмерон – Кыргызстан эгемендик алгандан берки тарыхында өлкөгө биринчи келген Британиянын тышкы иштер министри.

Связанный пост