Сауд Аравия Падышачылыгынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара келишимине кол коюуну кубаттайт. “Падышачылык Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүн жана элин келишимге кол коюу менен чын жүрөктөн куттуктап, эки өлкөгө жана алардын элине туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайт”, – деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.Читать далее
2025-жылдын 13-мартында Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери тарабынан Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлушун жылуу кабыл алдым, деп билдирди Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев. «Дипломатия жана диалог аркылуу жетишилген бул маанилүү кадам Борбор Азияда жана анын айланасында да туруктуу тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө жол ачат. Биз бир туугандык мамилелерди жана аймактык ынтымакты […]Читать далее
Түркия кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууну канааттануу менен кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кабарларды. Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда кол коюлган чек ара сызыгын аныктоо боюнча келишимди Түркия республикасы канааттануу менен кабыл алды. “Эки өлкөнүн жогорку деңгээлде жүргүзгөн тыгыз диалогунун натыйжасында жетишилген бул келишимдин аймактагы тынчтыкка, […]Читать далее
БУУнун башкы катчысы 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын президенттери тарабынан Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлганын колдойт. Катчылыктын маалыматына ылайык, эки өлкөнү тең бул тарыхый жетишкендиги менен куттуктоо менен, ондогон жылдарга созулган сүйлөшүү процессин ийгиликтүү аяктоого мүмкүндүк берген лидерликти, чечкиндүүлүктү жана саясий эркти жогору баалайт. «Башкы катчы өз ара ишенимди, […]Читать далее
Биз эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык комиссияны Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңеши деп кайра түзүү чечимин кабыл алдык, деп билдирди Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында. Анын айтымында, кеңешти Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы жана Тажикстандын премьер-министри жетектейт. “Алдыда боло турган мезгилде бул багытта алга жылууну камсыз кылуу максатында […]Читать далее
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюсун кубаттайт. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында жарыяланды. Эки өлкөнүн лидерлеринин ырааттуу аракетинин жана саясий эркинин аркасында мамлекеттик чек аранын дээрлик миң километрге созулган сызыгы макулдашылды. Чек ара маселелерин чечүү ар кандай чөйрөлөрдө аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө коопсуздукту жакшыртууга […]Читать далее
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара соода жүргүртүүнүн көлөмүн 500 млн долларга чейин жогорулатуу боюнча макулдашылды. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “Ынтымак Ордодо” өткөн эки тараптуу документтерге кол коюу учурунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын андан ары кеңейтүүнү камсыз кылуучу фактор катары өнөр жай кооперацияларын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. […]Читать далее
Кыргыз-тажик чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши жанданды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 13-мартта, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандантуу аземине видео байланыш режиминде катышты. Иш-чара Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрмө пункттарынын ишин жандандырууга толук даяр […]Читать далее
Шанхай Кызматташтык Уюму 2025-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлганын кубаттайт. Уюмдун сайтында маалымдалгандай, бул тараптардын маселелерди тынчтык жолу менен, өз ара түшүнүшүү жана урматтоо менен чечүүгө болгон жакшы ниетинин ишке ашырылышынын артында мүмкүн болду. “ШКУга мүчө мамлекеттер кол коюлган Келишимдин өзгөчө маанисин белгилешет жана аны Шанхай […]Читать далее
Бүгүн Тажикстандын президентинин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында эки мамлекеттин ортосунда көптөн бери көйгөй болуп келе жаткан чек ара маселеси чечилди. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, кол коюлган Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Келишим жакын арада Жогоку Кеңештен ратификациядан өтөт, андан кийин ратификациялык грамота алмашуу болуп, суроого чекит […]Читать далее