Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мехмет Мустафа Кемал Окем менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мындай жооптуу кызматка дайындалуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга аракет кылууга жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө […]Читать далее
Бүгүн Будапешт шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТМУ ТИМК) бейформал жыйынына катышты. ТИМден билдиришкендей, жыйын Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында өттү жана ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери, ТМУнун башкы катчысы, ошондой эле байкоочу мамлекет катары Венгриянын тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси катышты. Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө Түрк […]Читать далее
Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбор Азия дирекциясынын жетекчисинин орун басары Марк Клейтон менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алышты. Соода-экономикалык, инвестициялык, миграция жана тоо-кен тармагындагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Министрдин орун басары Темирбек Эркинов министрлер кабинети […]Читать далее
Париж шаарында Кыргызстандын элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Улуттук Ассамблеясынын депутаты, “Франция – Борбор Азия” достук тобунун төрайымы Катрин Эрвьё менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-француз кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, өзгөчө көңүлдү парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөгө бурду. Элчи саясий диалогду активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, быйыл жогорку деңгээлдеги сапарлар ишке ашарына үмүтүн билдирди. Тараптар […]Читать далее
Бүгүн, 12-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна быйылкы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарына көңүл буруу менен, ТМУ ишмердүүлүгүнүн негизги маселелерин талкуулашты. Анда Будапешттеги Мамлекет башчыларынын бейформал саммитинин күн тартибине, ошондой эле ТМУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна […]Читать далее
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индия жана Пакистандын ортосундагы чек арага чектеш райондордо куралдуу кагылышуулар тууралуу билдирүүлөр көбөйгөнүн жана учурдагы кырдаал оор болгондугун эске алып, абал толук турукташмайынча кыргызстандарга аталган өлкөлөргө баруудан баш тартууну туура болорун кайрадан эскертет. ТИМ аталган мамлекеттердин аймагында жүргөн КР жарандарына этияттык жана коопсуздук чараларын жогорку деңгээлде сактоону сунуштайт. Ошондой эле авиация тармагындагы учурдагы чектөөлөргө байланыштуу, […]Читать далее
Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын 27-29-апрелинде Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун Кыргызстанга болгон расмий сапарына канааттангандыгын билдирип, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун мындан аркы пландарын талкуулашты. Анда ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана […]Читать далее
Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу Кыргызстан чек арадагы куралдуу жаңжалдын башталгандыгына терең тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. “Достук мамиледеги өлкөлөр, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчөлөрү болгон Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу кагылышуу аймактык жана глобалдык туруктуулукка коркунуч жаратат. Кыргыз Республикасы тараптарды жогорку деңгээлдеги сабырдуулукту сактоого, куралдуу аракеттерден карманууга жана кырдаалды […]Читать далее
Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча кезектеги консультациялар өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чаранын максаты – эки тараптуу консулдук кызматташууну өркүндөтүү жана жарандардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо. Жолугушууда тараптар консулдук тармактагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, жарандык маселелерди, визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, чек арадан өтүүнүн тартиби, […]Читать далее
Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын Мажлис Аш-Шурасынын (парламентинин) төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганим менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин келечегин, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын талкуулашты. Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин жана достук топторунун ар кандай деңгээлдеги […]Читать далее