Улуу Британиянын ТИМ башчысы Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

 

Жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов тосуп алды.

 

Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар орун алат.

Связанный пост