КР ТИМ Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирет

 КР ТИМ Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирет

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирет жана тараптарды бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырат.

 

“Кыргыз Республикасы тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат”, — деп айтылат КР ТИМдин басма сөз кызматы тараткан расмий билдирүүсүндө.

Связанный пост