«Борбордук Азия өлкөлөрү жана Россия менен мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстан үчүн биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин жалпы тарыхый мурасына, маданиятына, экономикасына, тилдик жана руханий салттарына жана баалуулуктарына негизделген артыкчылыктуу багыт болуп саналат», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) «Россия — Борбордук Азия» саммитинде. Сөзүнүн башында Мамлекет башчысы Россиянын президенти […]Читать далее
Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Алар: 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө (Эскертүү — КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө); Аткаруу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ МБК) мүчө Мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин тар курамдагы кезектеги жыйынында алдыда Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу милдеттерин билдирди. Мамлекет башчылары кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу аспектилерин талкуулашты. Өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы Казакстан Республикасы КМШга ийгиликтүү жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Конгресс-борборго келди. Иш-чарага катышуу үчүн келген КМШ мамлекеттеринин башчыларын Конгресс борбордо Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы жолугушуу залына өтүштү. Иш-чаранын алкагында Шериктештиктин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) жыйынына, “Борбордук Азия – Россия” саммитине катышат. КМШ МБК жыйыны УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт. Түз эфир Бишкек убактысы боюнча саат 12:30да башталат.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, 2-гидроагрегатты ишке киргизүү жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин жер үстүндөгү төгүүчү жайын куруу долбоорлору боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Белгилей кетсек, мындан төрт ай мурун Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭС тилкесинде даярдоо иштеринин алгачкы этабына старт берилген, анда көпүрө, туннель, жолдор, көмөк чордон жана […]Читать далее
КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө шериктештиктин тышкы иштер министрликтеринин башчылары 2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибинин долбоорун карап, актуалдуу эл аралык жана аймактык […]Читать далее
Астана шаарында (Казакстан Республикасы) бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды. Жолугушуу Астанада өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинин алкагында өтүүдө. Владимир Путиндин кыскача сөзүнөн кийин тараптардын жолугушуусу жабык режимде өтмөй болду. Белгилей кетсек, […]Читать далее
Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү. Иш-чара учурашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү менен башталып, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана АӨИЧК мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогго жана Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы өз […]Читать далее
Бүгүн, 13-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Депутат Карим Ханджеза Москва районунун Кепер-Арык айылындагы мектептин жаңы имаратын куруу боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү. Ал эми депутат Бакыт Тентишев жыл башында премьер-министр Акылбек Жапаров кытай грантынын эсебинен ОЧК-2 сугат каналын жана Бурулдай […]Читать далее