Бакыт Төрөбаев өлкөдө ири ГЭСтерди куруу процессин тездетүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

 Бакыт Төрөбаев өлкөдө ири ГЭСтерди куруу процессин тездетүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, 2-гидроагрегатты ишке киргизүү жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин жер үстүндөгү төгүүчү жайын куруу долбоорлору боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.
Белгилей кетсек, мындан төрт ай мурун Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭС тилкесинде даярдоо иштеринин алгачкы этабына старт берилген, анда көпүрө, туннель, жолдор, көмөк чордон жана вахталык шаарча курулушу камтылган.
Андан бери долбоорду каржылоо маселеси чечилди – жылдарга бөлүү менен 1 млрд 555 млн 600 миң сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүнгөн. Ошондой эле башкы подрядчы – «Нарынгидроэнергокурулуш» ачык акционердик коому аныкталды.
Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата ГЭСи өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн өтө зарыл болгон эң ири энергетикалык объект болорун белгиледи.
Буга байланыштуу тиешелүү министрликтердин жетекчилерине заманбап технологияларды жана экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен мурда иштелип чыккан техника-экономикалык негиздемени жаңылоо боюнча ишти тездетүү тапшырылды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары казылып алынуучу отундан кайра жаралуучу энергия булактарына өтүүгө байланышкан учурдагы экономиканын тенденциясына өзгөчө көңүл бурду.
«Жашыл экономика» экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча дүйнөлүк күн тартипти жактоо менен инвесторлор келе турган маяк болуп саналат. Дүйнөлүк таблоиддердин айтымында, экологиялык тобокелдиктерди эске алган компаниялардын акциялары туруктуу өсүштү жана туруктуулукту көрсөтүүдө», – деди Бакыт Төрөбаев.

Связанный пост