Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Астананын Конгресс борборуна келди

 Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Астананын Конгресс борборуна келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Конгресс-борборго келди.

Иш-чарага катышуу үчүн келген КМШ мамлекеттеринин башчыларын Конгресс борбордо Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы жолугушуу залына өтүштү.

Иш-чаранын алкагында Шериктештиктин ичинде өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча бир катар документтер каралып, кабыл алынат.

Жыйында 2023-жылы КМШга төрагалык кылууну Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жана Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумун Бишкек шаарында өткөрүү боюнча чечим кабыл алынышы күтүлүүдө.

Связанный пост