Астанада КМШ тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отуруму өттү

 Астанада КМШ тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отуруму өттү

 КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө шериктештиктин тышкы иштер министрликтеринин башчылары 2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибинин долбоорун карап, актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Министр Кулубаев өз сөзүндө Кыргызстан 2023-жылы КМШдагы төрагалыкка даярдыгы тууралуу, ошондой эле уюмдун алкагында артыкчылыктуу багыттары жана мындан аркы өз ара аракеттенүү тууралуу маалымат берди.

Отурумдун жыйынтыгында бүгүн, 14-октябрда Астана өтө турган КМШнын мамлекеттер башчылар кеңешинин жана өкмөт башчылар кеңешинин отурумдарына бекитүүгө сунушталат бир катар документтер жактырылды.

Связанный пост