Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн, 3-августта саат 07:40та болгон. Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. “Жалпы 23 адам кырсыкка учурап, үчөө Балыкчы шаарынын оруканасына жеткирилген. Ал эми эки жүргүнчү жеринде каза болгон, алардын сөөгү милиция кызматкерлерине […]Читать далее
Бишкекте Ички иштер министрлигинин тергөө-ыкчам кызматкерлери үчүн окуу семинары болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, семинар ИИМдин демилгеси жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен «КР ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодекстерди укуктук колдонуунун негиздери» темасында өттү. Иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин […]Читать далее
Сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 6, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Бишкек шаарынын Октябрь районунда “Ак-Сарай” кафесинин 40 чарчы метр ашканасы күйгөн. Өрттүн […]Читать далее
Бүгүн, 2-августта КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнүн базасында Аба-десанттык аскерлеринин түзүлгөндүгүнүн 92 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, анын алкагында спорттун кол күрөш, гиря спорту жана аркан тартыш түрлөрү боюнча турнир өттү. Мелдеште 10126, 10127 жана 10128 аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы катышты. Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр кубок, 1- жана 2-даражадагы […]Читать далее
“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде троллейбустарды бирдиктүү стилге алып келүүдө. Троллейбустардын сырткы бөлүгүнүн дизайны кыргыз оймо-чиймелеринин жана элдик макал-лакаптардын текстин колдонуу менен жасалган. Учурда жаңы дизайндагы 20 троллейбус каттамга чыкты. 1-сентябрга чейин дагы 36 троллейбус ушундай стилге келтирилет.Читать далее
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 45 шаардык кичи автобустук каттамдарды тейлеген транспорттук ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасынын бет ачары болду. “Бул системанын негизги максаты – шаардыктарга жана шаар конокторуна коомдук транспорт кызматтарын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана кичи автобустардын […]Читать далее
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын адистери Балтагулов көчөсүн бойлой 100 жылдык эски жыгач суу өткөргүчтү табышты. Бул борбор калаанын борбордук бөлүгүн ичүүчү суу менен камсыз кылган диаметри 300 мм болгон биринчи суу түтүгү болгон. Жыгач суу түтүк системасы 30 жылдан ашык кызмат кылган жана 60-жылдары алмаштырылган. 1929-жылы 9 километр узундуктагы биринчи суу түтүгү ишке киргизилип, ал шаарга […]Читать далее
2022-жылдын январь-июль айларында пенсия жана жөлөкпулга 31 млрд 875 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет. Алсак: Бишкек шаары — 5 млрд 144,7 млн сом; Чуй облусу — 4 млрд 815,9 млн сом; Нарын облусу — 2 млрд 533,5 млн сом; Ысык-Көл облусу — 2 млрд 898,1 млн сом; Талас облусу […]Читать далее
Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен соң 4 көчө ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кытайдын грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында борбор калаанын Тимур Фрунзе, Ашар, Интергельпо жана Манас көчөлөрү оңдолду. Белгиленгендей, Тимур Фрунзе көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин узундугу 846 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метр […]Читать далее
Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту. Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТҮРКСОЙго катышкан мамлекеттердин авторлор менен аткаруучуларынын маданий байланыштарын өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча Кыргызпатент менен ТҮРКСОЙдун ортосундагы кызматташуунун мындан аркы пландары тууралуу кеп кылышты. “Келечекте автордук жана чектеш укуктарды өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда, алар […]Читать далее