“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын адистери Балтагулов көчөсүн бойлой 100 жылдык эски жыгач суу өткөргүчтү табышты. Бул борбор калаанын борбордук бөлүгүн ичүүчү суу менен камсыз кылган диаметри 300 мм болгон биринчи суу түтүгү болгон. Жыгач суу түтүк системасы 30 жылдан ашык кызмат кылган жана 60-жылдары алмаштырылган. 1929-жылы 9 километр узундуктагы биринчи суу түтүгү ишке киргизилип, ал шаарга […]Читать далее
2022-жылдын январь-июль айларында пенсия жана жөлөкпулга 31 млрд 875 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет. Алсак: Бишкек шаары — 5 млрд 144,7 млн сом; Чуй облусу — 4 млрд 815,9 млн сом; Нарын облусу — 2 млрд 533,5 млн сом; Ысык-Көл облусу — 2 млрд 898,1 млн сом; Талас облусу […]Читать далее
Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен соң 4 көчө ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кытайдын грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында борбор калаанын Тимур Фрунзе, Ашар, Интергельпо жана Манас көчөлөрү оңдолду. Белгиленгендей, Тимур Фрунзе көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин узундугу 846 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метр […]Читать далее
Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту. Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТҮРКСОЙго катышкан мамлекеттердин авторлор менен аткаруучуларынын маданий байланыштарын өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча Кыргызпатент менен ТҮРКСОЙдун ортосундагы кызматташуунун мындан аркы пландары тууралуу кеп кылышты. “Келечекте автордук жана чектеш укуктарды өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда, алар […]Читать далее
Бишкек мэриясында биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоковдун төрагалыгы алдында шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарында ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо маселеси талкууланды. Жыйындын катышуучуларына чарба субъекттерге муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана жер тилкелерин берүү бөлүгүндө ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү маселесин карап чыгуу, ошондой эле инженердик инфраструктура […]Читать далее
Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Панфилов районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, эл менен жолугушууда жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр тууралуу суроолорду беришти. Аталган маселелер тууралуу кайрылуулар жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам […]Читать далее
Боом капчыгайында жол эки тараптуу ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жол 1-августтан 2-августка караган түнү саат 01:48де толугу менен ачылган. Эскерте кетсек, кечээ, 1-августта саат 14:00гө жакын Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунунун 147-154-чакырымдарында (Боом капчыгайы) катуу жаандан улам сел жүрүп, жолду жаап калган.Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Кыргызгидромет борборунун маалыматына таянсак, 1-4-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Министрлик буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.Читать далее
Эртең, 2-августта Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 19:00гө чейин Керимбеков көчөсүндөгү эки турак жайдын суу түтүктөрүнө кошулганына жана диаметри 100 мм болгон авариялык суу түтүктү туташтырууга байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат. Ичүүчү суу Токтогул – Манас – Исанов – Пушкин көчөлөрү чектешкен […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстандагы элчиси доктор Мохаммад Саид Мохаммад Аль-Арики менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушууда мэр өз ара пайдалуу кызматташтыкты, атап айтканда, шаарлар аралык деңгээлде өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар БАЭ шаарлары менен достук тажрыйба алмашуу маселесин да талкуулашты. Мындан тышкары, мэр Эмилбек Абдыкадыров […]Читать далее