Нарын шаарында медайымдардын аллеясы түптөлдү

 Нарын шаарында медайымдардын аллеясы түптөлдү

12-май-эл аралык медайымдар күнүнө карата Нарын шаарында медайымдардын аллеясы түптөлдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардын М. Сыдыков “Москва ” аймагындагы кабаттуу үйлөрдүн айланасы куураган бактардан, эски тосмолордун тазаланып, жаңы көчөттөр отургузулган.

Дал ушул аймак медайымдардын аллеясы деп аталды. Аллеяны уюштуруу иш чарасына катышкан Калаа башчысы Канболот Тутуев медайымдарды келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, эмчи айымдардын аллеясынын шарттары дагы жакшыртылаарын айтып, тазалагын карап, жашылдандырып, көрктөндүрүп эс алуучу сквер катары камкордукка алууну тапшырды.

Шаарыбызды жашылдандыруу көрктөндүрүү иштерине саламаттыкты сактоо тармагы жигердүүлүк менен катышып келишет.

Ошондой эле шаарыбыздын Шаарча (Городок)аймагына да мугалимдердин аллеясын уюштуруу максат кылынууда.

Связанный пост