ИӨБ Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоого 50,2 млн АКШ долларын бөлүп берет

 ИӨБ Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоого 50,2 млн АКШ долларын бөлүп берет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев жана КР Финансы министри А.Бакетаев Аль-Жасер Сауд Аравия Королдугуна болгон иш сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, Кыргыз Республикасынын аймагында Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн артыкчылыктуу болгон жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы орто мөөнөттүү мезгилге кызматташуу стратегиясын тез арада иштеп чыгып, кол коюу зарылдыгын өз ара баса белгилешти.

Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөн Төртүнчү тегерек столдун жүрүшүндө (2022-жылдын 3-4-августу, Чолпон-Ата шаары) Ислам өнүктүрүү банкына өткөрүлүп берилген долбоорлорду кароо маселесин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо долбоору (IV фаза, 104,6 – 197,6 км) боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул долбоорго Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн каражаттын көлөмү 50,2 миллион АКШ долларын түзөт.

Маалымат үчүн: Бул долбоорду ишке ашыруунун максаты Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунун тармагын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, тактап айтканда, эл аралык жана мамлекеттер аралык каттамдардын көбөйүшүн, мамилелер жана соода, аймактын экономикалык өсүшүнө түрткү болгон Суусамыр-Талас-Тараз маанилүү жолдорун жакшыртуу, жана жол транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу. Бул жол Талас облусун Кыргызстандын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустары менен, Казакстандын түштүк аймактары менен байланыштырат.

Связанный пост