Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлиги Орусиядагы эмгек мигранттарынын төлөнбөгөн 8,5 млн сомун кайтарып берди

 Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлиги Орусиядагы эмгек мигранттарынын төлөнбөгөн 8,5 млн сомун кайтарып берди

Министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 2022- жылдын күз айынан тарта миграция маселелери жана жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга көмөк көрсөтүү боюнча иш алып барууда.

Өкүлчүлүк Орусиядагы иш берүүчүлөр менен байланыш түзүү, кыргыз жарандарына жумуш табуу жана ишке орноштуруу, келишим түзүүгө жардам берет. Ал жерден эмгек миграциясы, ошондой эле Орус Федерациясынын миграция жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңештерди ала аласыз.

Өкүлчүлүк тарабынан 2023-жылдын январь айынан апрелге чейин 2788 кыргыз жаранына Орус Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча кеп-кеңештер берилген.

172 кайрылуу иш берүүчүлөр тарабынан төлөнбөгөн эмгек акы боюнча болгон. Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жардамы менен 99 жаранга 8,5 млн сом өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилди.

Ошондой эле, өкүлчүлүк өндүрүштүк жаракат алган эки кыргызстандыкка 1 млн 050 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө жетишти.

Россия Федерациясынын аймагындагы иш берүүчүлөр менен байланышты жөнгө салуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу боюнча эмгек келишимдерди түзүү үчүн 1235 бош орун аныкталган.

Министрлик эскерткендей, өкүлчүлүк Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен 700 метр алыстыкта жайгашкан (Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 7, корпус 5 (Октябрь метро станциясы (400 м) Полянка метро станциясы (300 м).

Связанный пост