Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин төрагалыгы алдында экологиялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, КРнын Экология министрлигине караштуу мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле ЖОЖдордун жана «Арча демилгеси», «Жашылдандыруу» коомдук фонддорунун жана “Эко деми”, “Бишкек смог” уюмдарынын өкүлдөрү катышты. […]Читать далее
Көрктөндүрүүнү көзөмөлү боюнча инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте башаламан таштандыларды таштоо фактыларын аныктоо боюнча түнкү рейддерди улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 2 күндүн ичинде үч район боюнча 6 тартип бузуучу аныкталып, 45 миң сом айып пул салынды. Ишкананын чыныгы көйгөйү өнөр жай таштандыларын акы төлөбөстөн, тымызын, көбүнчө түн ичинде […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабын баштады. Ал ушул жылдын 1-майына чейин жүргүзүлөт. Аталган мөөнөткө чейин төмөнкүлөр декларацияны тапшырууга милдеттүү: – жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер; – менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар; – юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан […]Читать далее
Талас шаарынын мэриясынын жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлери базардын айланасын ирээтке келтирүү максатында рейд жүргүзүү иштерин улантууда. Көзөмөл иштерин жүргүзүүдө соодагерлердин өзүнө тийиштүү соода күркөлөрүнөн тышкары жөө адам өтүүчү тротуарларда, жол тилкелеринде башаламан соода иштерин жүргүзүп жаткан сатуучулардын соода кылууга ылайыкталган темир такталары алынып, базардын тегереги ирээтке келтирилди. Белгилей кетсек, айрым соодагерлер […]Читать далее
Бүгүн таң эртеден тартып “Транзит” жогорку каналынан Скрябин көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин Биринчи май районунун аймагына сугат суусу берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Сугат суусунун агымы Совет жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн аянтын, ошондой эле Эркиндик бульварын толугу менен камтыйт. Суу агымынын көлөмү секундасына 200 литрди түзөт. Сугаруу ишин «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы […]Читать далее
Баткен шаарынын Чет-булак, Туура-Таш участкаларынын жана Самат Садыков көчөсүнүн жашоочуларына ичүүчү суу берилди. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Таза суу обьектисинен КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алды. Жер астынан суу тартып чыгаруу жумуштарын аткарууга шаардык мэрия 2 млн каражат ажыраткан болсо, 1млн […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, жаан-чачын учурунда калаа тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Иштин биринчи этабында Данги участкасында Төлөйкөн айылындагы Кодокочун каналынан баштап Озгур айылындагы “Ошшаарсууканал” ишканасынын суу тосмосуна чейинки аралыкка жалпы узундугу 475 метр, диаметри 1000 мм […]Читать далее
Кыргызстанда 203 веб-сайттын жана 59 мобилдик тиркеменин 8 сайтында гана Купуялык саясаты мамлекеттик тилде жайгаштырылат. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик маалымдайт. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик изилдөө жүргүзүп, Купуялык саясаты 203 сайттын 58инде жана 59 мобилдик тиркеменин 43үндө гана берилгенин аныктаган. Бир дагы мобилдик тиркемеде мамлекеттик тилде Купуялык саясаты болгон эмес. […]Читать далее
Көрктөндүрүү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы менен биргеликте курулуш объектилеринде рейддердерди өткөрүүдө. Бул тууралуу баш калаанын мэриясынын пресс-борбору билдирди. Инспекция көбүнчө дөңгөлөктөрүн топурактан тазалабай курулуш объектисинен айдап чыккан курулуш уюмдарынын оор жүк ташуучу унааларынын жол курулуштарынын бузулушуна жана жолдорду булгаганына байланыштуу мыйзам бузууларды каттап келет. Рейддин жүрүшүндө 20 компания […]Читать далее
«Манас эл аралык аэропорту» ААКнун маалыматы боюнча, Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө. 2023-жылдын 30-апрелинен тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда, натыйжада Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйөт. «Манас» аэропортунан Россиянын «Внуково» аэропортуна учуулар жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.Читать далее