Бишкекте башаламан таштандыларды таштагандарга айып пул салына баштады

Көрктөндүрүүнү көзөмөлү боюнча инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте башаламан таштандыларды таштоо фактыларын аныктоо боюнча түнкү рейддерди улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

2 күндүн ичинде үч район боюнча 6 тартип бузуучу аныкталып, 45 миң сом айып пул салынды.

Ишкананын чыныгы көйгөйү өнөр жай таштандыларын акы төлөбөстөн, тымызын, көбүнчө түн ичинде таштанды челектерине таштоо болгон. Тигүү цехтеринин, мал союучу цехтердин калдыктарын, курулуш таштандыларын ыргытып жатышат. Бул көбүнчө жабдуулардын бузулушуна жана жүктөгүчтөрдүн ишинин көбөйүшүнө алып келет. Анткени, мындай таштандыларды жүктөө 3 эсе көп убакытты талап кылат.

Мэрия кыймылсыз объекттерди курууну жана оңдоону ишке ашырган жеке жана юридикалык жактар иш башталганга чейин “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен курулуш таштандыларын чыгаруу келишимин түзүп, аны чыгаруу келишимине ылайык таштандыларды чыгаруу боюнча адистештирилген компания менен же  өз алдынча ишке ашырууга тийиш экендигин эскертет.

Связанный пост